Консалтинг компаниясы

Биз тууралуу

Миссиябыз:

Биз эл аралык уюмдарга, мамлекеттик ведомстволорго, жеке компанияларга жана жарандык коомдун уюмдарына өнүгүүгө жардам беребиз — өздүк дараметти жогорулатып, биргелешкен максаттарды аткаруу менен биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн кызматташууну бекемдеп, күч алдырабыз. Биз алдыңкы чечимдерди иштеп чыгарып, эл аралык билимдерди жергиликтүү муктаждык контекстинде трансфер жана адаптация кылабыз жана ишке ашыруунун ачыктыгын жана жыйынтыктарынын сапатын камсыз кылабыз. Ушундай жол менен Борбор Азиядагы өнүгүү демилгелерине жана долбоорлордун эффективдүү, туруктуу ишке ашышына өз салымыбызды кошобуз.

Көз карашыбыз:

Биз көпкө дейре сиздин ишенимдүү өнөктөшүңүз болууга умтулабыз. Жергиликтүүлөрдүн билими менен эл аралык эксперттердин иш тажрыйбасынын айкалышы идеялардын эффективдүү ишке ашышын камсыз кыла алат деп ишенебиз. Бири-бирибизди байытуу менен бирге өнүгөбүз.

Негизги багыттамаларыбыз:

  • Кардардын муктаждыгына багытталуу;
  • Кесипкөйлүк;
  • Ыкчамдуулук;
  • Кызматташууга ачыктык.

Стратегиябыз:

Бир топ ар кандай эл аралык программалар менен долбоорлордо чоң иш тажрыйбага ээ болуп, жеке сектордун, жарандык коомдук, бийликтин жергиликтүү институттарынын жана донордук коомчулуктун иш өзгөчөлүгүн билүү менен биз процессттер, долбоорлор жана программаларды ишке ашыруунун ишенимдүү жана туруктуу системасын түзөбүз.

Биз төмөнкү тармактар боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштайбыз:

  • стратегияларды иштеп чыгуу жана алардын ишке ашуусун фасилитациялоо;
  • системдик уюштуруучулук өнүктүрүү жана уюштуруучулук диагностика;
  • ар кандай түзүмдөр үчүн маалыматтык кампанияларды өткөрүү;
  • кызматташуунун оор системаларында уюштуруучулук процесстерди системдик фасилитациялоо;
  • фокус-группалардын дараметин жогорулатуу жана уюмдардын, долбоорлордун, программалардын
  • эксперттик дараметин күчөтүү;
  • семинар, тегерек стол жана иш-чараларды фасилитациялоо жана модерлөө;
  • инновациялык технологияларды колдонуу менен билимдерди башкаруу процесстерин жана аспаптарын иштеп чыгуу;
  • долбоордук ишмердикке баа берүү жана мониторинг жүргүзүү;
  • анализдер менен изилдөөлөрдү жүргүзүү.

Биз жергиликтүү жана эл аралык экспеттерден турган кең тармак түзө алдык. Ар бир эксперттин артында өз тармагындагы чоң иш тажрыйба менен универсалдуу билим жатат. Биз ар бир долбоор үчүн кесипкөйлөрдөн турган индивидуалдуу команда түзүп, кабыл алынган чечимдердин жашоого болгон туруктуулугуна кепилдик беребиз. Командабыз эптүү иштеп, күтүлбөгөн жагдайларга ийкемдүү реакция кылат.

Биз жаңы методикалардын авторлору болгон жана актуалдуу билимдерин ар кайсы тармактарда жайылткан эл аралык мыкты эксперттер, тренерлер жана коучерлер менен кызматташабыз. Биз дайыма жергиликтүү эксперттердин дараметин жогорулатуунун үстүнөн иш алып барып, мыкты эл аралык практикаларды киргизүүгө жөндөмдүү болгон татыктуу тренерлер тобун даярдайбыз.

Бардык эле чет өлкөлүк технологияларды жеринде пайдалануу мүмкүн эместигин түшүнүп, индивидуалдуу мамилелерди иштеп чыгууга жардам беребиз жана алардын кийинки кең жайылынышына көмөктөшөбүз.

Биздин заманбап технологияларды өздөштүргөн кесипкөй, көп тилдүү фасилитаторлорубуз ар кайсы кызыкчылыктар тобунун өз ара аракеттешүү процессин сабаттуу модерация кылып, бардык масштабдагы иш-чараларды эң жогорку деңгээлде өткөрүп берет.

Биз ар бир учурга актуалдуу болгон инновациялык продуктуларды тандап алып, аларды эң жаңы технологиялар менен бекитебиз.

Биз эл аралык институттар менен узак мөөнөттүү өнөктөштүктү төмөнкү тармактарда түзүүгө жардам беребиз:

  • туруктуу экономикалык өнүктүрүү жана аймактык соода-сатыкты өнүктүрүү;
  • Борбор Азияда аймактык кызматташууну өнүктүрүү;
  • мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана мамлекеттик программалардын максаттарына жетүү;
  • жарандык коомду өнүктүрүү жана ар кандай демилгелерди ишке ашырууга көмөктөшүү;
  • билим берүүнүн сапатын жогорулатуу;
  • жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу;
  • МКТ жана башкалар.